Президент Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Маалыматты SUPER.KG порталына Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Чукул жыйын Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам өтүүдө. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышууда.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенде жүргөндүгү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан