Жапаров шахтадагы жарылууга байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуудан улам жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм",- деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Түркиянын Бартын провинциясындагы көмүр кенинде 14-октябрдын кечинде жарылуу болгон. Ал учурда 300 метр тереңдиктеги жер алдында 110 адам иштеп жаткандыгы айтылат. Соңку маалымат боюнча, курмандыктардын саны 40ка жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан