Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 27-октябрда Казакстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Астана шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле Садыр Жапаров "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп тургандыгын белгиледи.
Ушул эле күнү кечинде Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шарль Мишель Астана шаарында Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.
Иш сапарын жыйынтыктаган соң мамлекет башчысы Бишкек шаарына кайтып келди.