Садыр Жапаров Абу-Даби шаарында БАЭ баатырларына арналган гүлчамбар койду

Бүгүн, 31-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Абу-Даби шаарындагы БАЭ баатырларына арналган “Wahat Al Karama” комплексине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мамлекет башчысы каз катар тизилген ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, БАЭнин өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Садыр Жапаров комплексти көрүп чыгып, ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтыргандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан