Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим долбоорунун тармактык комитетте каралуусу туурасында ал жөнүндө коомчулукта ар кандай кептер айтылып жатканын билдирип, өзүнө жалаа жапкандарга 10 миң сом берерин айтты.
"Азыр абдан татаал чечимдер алдыбызда турат. Кемпир-Абад боюнча чечим келди. Добуш берүүгө алып келгенде мен катышкан жокмун. Бул менин маданияттуу түрдө каршылык билдиргеним болчу. Эки күндөн бери катышыптыр, кворум кылып бериптир деп жалган жалаа жаап жатышат. Ошолордун баарына чоң рахмат! Эгерде ошону ким баштаган болсо мага келиңиз, 10 миң сом белегим даяр. Ошол жалган жалааңыздар үчүн рахмат, сиздерге!", - деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал өлкө башчы Садыр Жапаровдон Кемпир-Абад боюнча келишимди макулдашууну убактылуу токтото турууну суранды.
"Мамлекет башчыбыз адашпаса экен деп дайыма тилек кылам. Ал адашса баарыбыз адашабыз. Кемпир-Абад боюнча ак да, көк да дебейм. Бирок бир сураныч, жок дегенде 3-4 жылга мораторий киргизбейлиби. Анткени бул чечимди биз кабыл алабыз жана тарыхта калабыз. Барып көрүп келмейинче, документтердин бардыгы менен таанышып чыкмайынча, чечим кабыл алыш абдан оор экен. Канча адамдын назарынан калып ушул чечимди кабыл албай эле коёлучу. Мен мамлекет башчысынан суранат элем. Биз шайладык эле, биз колдодук эле. Дагы да колдойлу. Урматтуу биздин мамлекет башчыбыз, ушул өтүнүчүмду эки кылбай, бир карап көрсөңүз",- деди эл өкүлү.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешип башкаруусу жөнүндөгү келишим долбоорун жактырган. Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылыгын билдирип, жыйындан чыгып кетишкен. Ал эми жыйынга катышкан бардык депутаттар келишим долбоорун жактырышканы маалым болгон.