Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов кесиптеши Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сынга алды.
"Биз мыйзамдын чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат жөнөткөндөн кийин күтүп туруш керек болчу, бирок алар башка кабинет бербей туруп бардык буюмдарын сыртка алып чыгып таштап койду. Урматтуу депутаттар, өзүбүздү өзүбүз сыйлабастык болуп жатат. Өткөндө Нуржигит Кадырбеков айткандай, токсонубузду алдыга салып эле кууп баратат. Ушул маселени карап, талап коёлу. Депутатты сүйлөтпөй коюу - шайлоочуларды сүйлөтпөй коюу болуп саналат. "Кыргыз элим бар болсун, оозу-мурду жок болсун" дегенге баратабызбы? Качан токтотобуз? Мыйзамдын негизинде иш алпаралы", - деди ал.
Ошондой эле ал президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну сунуштады.
Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан соң депутат кесиптеши Фархат Исмаилов менен мушташып кете жаздаган.