Балбак Түлөбаев: "Эл Кумтөрдүн алтыны боюнча маалымат күтүп жатат"

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев "Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казылышы менен сатылышын иликтей турган депутаттык комиссиянын ишине кызыкты.

"Кумтөрдөгү алтын боюнча коомчулук маалымат күтүп жатат. Комиссиянын төрагасын угуп койбойлубу. Баягыда "Кумтөрдүн алтыны каякта?" деп кырылып жаттык эле. Төрага менен орун басарын кырылышып жатып шайладык. Ошондон бери эч нерсе жок, баштала элек. Комиссияны эмне төрага менен орун басарын шайлаш үчүн түздүкпү? Кумтөрдун алтыны боюнча маалыматты эл күтүп жатат. Былтыркы алтын каякта? Жыл жаңырганына он ай өттү, быйылкы алтын кайда? Ошону бир тактап, коомчулукка жарыялап койбойлубу", - деди Түлөбаев.

Эске салсак, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда комиссиянын курамына 12 депутат кирген болчу.

Ал эми 27-октябрда депутаттык комиссияны Исхак Масалиев жетектемей болгон. Анын орун басары болуп - Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова бекитилген. Анда комиссияда 20 мүчө бар экени айтылган.

Убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт.

Жогорку Кеңеш 23.11.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан