"Буга чейин үч баштуу бийлик болгон". Садыр Жапаров Жылдызкан Жолдошеванын пикирине жооп берди (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров экс-депутат Жылдызкан Жолдошеванын президенттик башкаруу боюнча айткан пикирине жооп берди. Ал эл президенттик башкаруунун жемишин жакынкы 5-6 жылда көрө тургандыгын айтты.

"Парламенттик башкарууну да, парламенттик-президенттик башкарууну да көрдүк. Мен экөөндө тең иштедим, жыргап кеткен жокпуз. Буга чейин үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө "монстр" болуп алды. Андан кийин өкмөт, президент өзүнчө болуп калды. Эч бир маселе чечпей, бири-бирине түртүп коюп отура берип, бир кагаз үч жылдап кабыл алынбаган учурлар болгон экен. Анткени буга мен жооп берип калбайын деп эле бири-бирине түртө берген. Азыр президент менен өкмөттүн аппараты бириккен, азыр токтомдор кээде бир сааттын ичинде кабыл алынат. Мына азыр жол, мектептердин салынып, армиябыздын күчтөнүп жатканы ошонун пайдасынан болуп жатат. Балким, жоопкерчиликти бир кишиге бергенде, мурдагы президенттерге дагы ушинтип жоопкерчиликти толук моюнуна илип койсо, алар деле качпайт беле деп ойлойм. Анткени жоопкерчилик менде болгондон кийин, орчундуу маселе болгондо күнү-түнү уктабай чыгып, элдин, келечек муундун алдында кара тамга менен калбайын дейт экенсиң. Министрлерди дайындаганда ушул менин жүзүмдү кара кылбаса экен деп ойлойт экенсиң.

Мурунку үч баштуу бийлик бири-бирине түртүп, президент көшөгөнүн артында башкарат, уурдаган өзү, жооп берген премьер-министр болчу. Ошондуктан 35 премьер алмашып жатпайбы. Анан парламентке шылтап койчу, ошентип жоопкерчиликтен кача берчү.

Сенден кийин кандай президент келип калат деп айтпадыңызбы. Эч бир бийлик кыргыз элин алдай албайт. Кандай президент келбесин уурдаса бир жылга жетпей кырыз эли кууп чыгарып коёт", - деди президент.

Белгилей кетсек, экс-депутат курултайдын биринчи күнүндө Кыргызстан президенттик башкаруудан баш тартып, парламенттик башкарууга өтүү керек экендигин белгилеген.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан