Жылдызкан Жолдошова Садыр Жапаровдон командасын калкалабоону суранды

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова өлкө башчы Садыр Жапаровдон анын командасындагы адамдарды калкалабоону суранды. Бул тууралуу Жылдызкан Жолдошова бүгүн, 25-ноябрда өтүп жаткан Курултайда билдирди.

"Коррупция менен күрөшсөңөр анда депутаттарды коркутпай, өзүңүздүн командаңыздан баштаңыз. Аларды калкалабаңыз. Бул өтө орчундуу маселе", - деди Жолдошова.

Ошондой эле ал Кыргызстан президенттик башкаруудан баш тартып, кайра парламенттик башкарууга өтүү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан