Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссиянын ишин токтотуу маселеси көтөрүлдү

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия бир да жыйын өткөрө элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында, буга дайыма кворумдун жоктугу себеп болууда. Ал эми төрага Нурланбек Шакиев эгер комиссия ишин баштабаса, анда ишин токтотуу керектигин айтты.

Эске салсак, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда комиссиянын курамына 12 депутат кирген болчу.

Ал эми 27-октябрда депутаттык комиссияны Исхак Масалиев жетектемей болгон. Анын орун басары болуп - Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова бекитилген. Анда комиссияда 20 мүчө бар экени айтылган.

30-ноябрда Исхак Масалиев "Кумтөр" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартканы маалым болгон.

Убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан