Марлен Маматалиев катализатору жок унааларга айып пул салууну демилгеледи

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев катализатору жок автоунаалардын ээлерине айып пул салууну демилгелеп, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Мыйзам долбоору каталитикалык өзгөрткүчтөрү жок автотранспорт каражаттарын пайдаланган ак ниетсиз жарандарды жазалоо жолу менен экологияны жакшыртуу максатында иштелип чыккандыгы айтылат.
Сунушталган мыйзам кабыл алынса транспортту алгачкы мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу учурунда катализатору текшерилет. Эгер жок болсо жөнөкөй жарандарга 20 миң, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Өлкөдө айлана-чөйрөнү булгаган негизги булак болуп автомобилдик транспорт саналат. ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата 1 миллион 103 миң 445 жеңил унаа катталган.
Белгилей кетсек, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов Бишкектин абасынын булгануусунун себептеринин бири катализатору жок унаалар экенин белгилеп, канча автоунаа катализатору жок жүргөнүнө кызыккан. Анда мыйзамдан жеңил автоунааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү нормасы алып салынгандан кийин катализатору бар-жогу текшерилбей калгандыгы айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан