"Моюнунан байлаган иттей болсо, келбей эле койсун". Сулайманов Мадумаровду сынга алды

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кундузбек Сулайманов депутат Адахан Мадумаровдун айткан сөзүн сынга алды.

Анын пикиринде депутаттар кол тийбестигим бар деп эле ар нерсени сүйлөй бербей, жоопкерчилигин дагы караш керек.

"Тилде сөөк жок, сөз сүйлөсө сүйлөнө берет. Темирди ысыгында чап дегендей, убагында айтыш керек. Биз дагы бийликтин бир бутагыбыз. Биз дагы мамлекетибиз өнүксө экен, экономикабыз көтөрүлсө экен, дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын да кадыры жогоруласа экен деген тилекте жүрөбүз. Эгерде бул жакка "моюнунан байлаган иттей болуп келгим келбей жатат" десе, анда келбей эле койсун. Андан кел деп ким суранып жатыптыр? Бизде кол тийбестигибиз бар деп эле ар нерсени сүйлөй бербей, жоопкерчилигин дагы караш керек", - деди Сулайманов.

Буга чейин Адахан Мадумаров парламенттин ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип, Жогорку Кеңеш "нотариалдык конторага" айланып калды деген.

"Биз эл өкүлдөрүбүз, элдин айтканынан чыкпашыбыз керек. Ошондо гана эл өкүлү деген макамга татыктуу болобуз. Бүгүн биз конституцияны тебелеп-тепсеп, өз билгениндей жашаган "ээн баш үй-бүлөгө" айландык. Акыркы убакта сүйлөгүң да, атүгүл ушул жерге киргиң да келбейт. Кайран Жогорку Кеңеш, кайран элдин өкүлдөрү, кайран алып жаткан айлык. Эмнени өзгөртүп, эмнеге таасир эте алабыз? Ушул жерде 5-6дан сүйлөшүп, кучакташып өз маселебизди чечкенден башка эмне кылып жатабыз? Же конституцияны коргой албасак, же адам укугун сактай албасак. Ушул жерде "мен кыйшаюусуз аткарам, эгер аткара албасам мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын" деп ант ичпедик беле", - деген Мадумаров.

Ошондой эле ал "Бийлик камактагы 5 аялдан коркуп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм" деп айткан.



Жогорку Кеңеш 22.12.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан