УКМК: "Бакиров чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып, коомчулукту адаштырууда"

УКМК бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукканын четке каккан билдирүүсүнө жооп берди.
"Кылмыш ишинин алкагында бир катар тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында жолугушуу болгону тастыкталды. Депутат Өмүрбек Бакиров да, кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) да сурак берген. Анда Камчы Асанбек жолугушканын ырастады. Бакиров чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып, коомчулукту атайылап адаштырууда", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле атайын кызмат коомчулукту кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүп, депутаттын популисттик сөздөрүнө ишенбөөгө чакырды.
Бүгүн УКМК Өмүрбек Бакиров 25-декабрда Чолпон-Ата шаарында мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен "Барс" спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушканын билдирген. Бирок Бакиров аны четке кагып, далилдери болсо көрсөтүшүн талап кылган.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда депутат Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте кайым айтыша кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан