Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Ысык-Көлгө кымыз алганы барган. Бул тууралуу депутат өзү журналисттерге билдирди.
"Ысык-Көлгө мен жылына 2-3 жолу барып турам. Ошол күнү жардамчым экөөбүз "Барс" деген дем алуу борборуна барып, кымыз алдык. Андан кийин коттедждерди көрүп, Жаңы жылдан кийин эс алсакпы деп. "Барс" деген элдин баары барып эс ала турган комплекс.
Ал жерде Камчы Көлбаев менен жолугушту деген маалыматтар жүрөт. Бул чындыкка дал келбейт. Ал жерде мен Камчы Көлбаевди көргөн жокмун. Жолукканым тууралуу далилдери болсо чыгарсын", - деди Бакиров.
Ошондой эле ал УКМК аны Ысык-Көлгө барганы үчүн суракка чакырганын кошумчалады.
Бүгүн, 28-декабрда УКМК Өмүрбек Бакиров 25-декабрда Чолпон-Ата шаарында Камчы Көлбаев менен "Барс" спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушканын билдирген.