Кечээ, 8-декабрда борборубуздагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Бишкек сулуусу-2013" сынагы болуп өттү. "Борбор шаардын сулуусу" наамын алуу үчүн Бишкек шаарынын 27 кымча бел кызы ат салышты.
Сынакта кыздар “Өзүн-өзү тааныштыруу”, “Кечеге кийүүчү көйнөк”, “Дизайнерлердин көйнөгү” жана “Бикини” этаптары боюнча күч сынашты.
Уюштуруучу Рыскүл Намазбекова “Жыл сайын мэриянын колдоосунда өтүүчү сулуулар сынагын баштап жатабыз. "Бишкек сулуусу" аталып, жеңүүчү деп табылган кыз 2014-жылы жазында Кытайда өтүүчү “China Global” сынагында Кыргызстандын намысын коргойт” деп билдирди.
Сулуулар сынагында алып баруучулукту Бакыт Байсариев аркалады. Ырчы Анжелика, “One magazine” журналынын редактору Аида Дөөлатбакова, сынактын демөөрчүлөрү Азиз Рыскулбеков, Рамон Абдусапаров, стилист Тилек Бекболотов жана журналист Караколов Арстан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катарын толукташты. Сынактын жыйынтыгында баш байгени жана "Бишкек сулуусу-2013" наамына 18 жаштагы Сабина Насырова татыктуу болду.