Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссия жакында кенге барат

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия кендин өзүнө февраль айында барып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда SUPER.KG порталына комиссиянын төрагасынын орун басары Нилуфар Алимжанова билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылды, төрагасы болуп өткөн аптада депутат Арсланбек Малиев шайланды. Ошондой эле ал комиссиянын курамында учурда 8 депутат калганын кошумчалады.

"Январь айынын соңунда же февралдын башында барып келели деп пландап жатканбыз. Азырынча министрлер кабинетинин өкүлүнөн жооп келе элек. Анын үстүнө азыр суук да болуп жатат. Сыягы, февраль айында барат окшойбуз. Ал эми комиссиянын иш мөөнөтүн декабрдын аягында 3 ай мөөнөткө узартканбыз", - деди Алимжанова.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100 пайыз акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда комиссиянын курамына 12 депутат кирген болчу.

Ал эми 27-октябрда депутаттык комиссияны Исхак Масалиев жетектемей болгон. Анын орун басары болуп - Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова бекитилген. Анда комиссияда 20 мүчө бар экени айтылган.

30-ноябрда Исхак Масалиев "Кумтөр" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартканы маалым болгон.

Убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан