Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов көпчүлүк депутаттардын жыйын маалында залды таштап чыгып кеткенине нааразы болду.
Анда “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Атазов жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиевге кайрылып, депутаттарды жыйын залына чакырып коюуну өтүндү.
"Азыр иш убактысы бүткөнгө дагы 2 саат бар. Залды караңыз. Кыргызстандагы спорт боюнча эң маанилүү делген мыйзам каралып жатат. Азыр добуш берүүгө келгенде кворум болбой калса, спорт тармагын дагы аркага кетиребиз. Сизден сураныч, депутаттарды чакырып коюңуз. Ушул мыйзамды кайдыгер карабай колдоп коёлу. Кээ бир фракциялар, азыр атыңарды атасам капа болосуңар. Баарыңар залды таштап чыгып кеттиңер, уялбайсыңарбы", - деди Атазов.
Азыгалиев аппарат кызматкерлерине депутаттарды чакырууну буюрду.
Белгилей кетсек, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды өз ишине шалаакы мамиле жасап жатат деп сынга алган. Анда төрага айрым эл өкүлдөрүн жыйын залынан көптөн бери көрө электигин айтып, аларды бардык жыйындарга толук катышып, өз иштерин так аткарууга чакырган.
Ага депутат Эмил Токтошев жооп берип, өзү да төраганы көптөн бери төрдөгү ордунан көрө электигин айткан.
Буга чейин да Жогорку Кеңештин жыйыны башталганда 80ден ашуун депутат катталып, бирок мыйзам долбоорлору каралып жатканда 30 чакты депутат гана карап, 60тан ашык депутаттын ордуна добуш берген учурлар болуп келет. Ал эми кворум болушу үчүн депуттардын теңинен көбү катышуусу зарыл.