Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.
Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди. Регламент боюнча андан соң депутаттардын талапкерге суроолору болсо узатып, жооп алышмак. Бирок бир дагы депутат суроо берүүгө жазылган жок.
Андан кийин төрага добуш берүүгө койгон учурда эл өкүлдөрүнүн арасынан "суроо узатмакпыз" деп нааразы болгондор чыкты. Нурланбек Шакиев аларга, "өзүңөр жок дебедиңерби" - деп кыйкырды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш сунушталган талапкердин дайындалышына 57 "макул", 1 "каршы" добуш менен макулдук берди.
Белгилей кетсек, кечээ жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган.
.