Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Динара Кутманова аркалап келген.