Парламент өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин четке какты

Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетин отставкага кетирүү демилгеси колдоо тапкан жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-майдагы парламент жыйынында маалым болду.

Аталган демилгеге 48 депутат каршы чыкса, "макул" деп тогуз эл өкүлү добуш берген.

Белгилей өтсөк, 27-апрелде Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетин отставкага кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан