Осмонов: "Кенемте прокурорлорго гана эмес, бардык мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү"

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов кызмат учурунда каза болгондорго төлөнүүчү кенемте бир гана прокурорлорго эмес, бардык мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү экендигин айтты.

"Эмгек кодексинин 252-беренесине ылайык, кайсы гана мамлекеттик кызматкер, мейли ал мугалим, врач же электрик болсун, эгер кызмат учурунда каза тапса, мисалы, электрик токко урунуп каза болсо 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилет", - деди Осмонов.

Анын алдында депутат Камила Талиева прокурорлор кызмат учурунда каза тапса төлөнүүчү кенемте боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштаган.

Эске салсак, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында депутаттар каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулдун суммасына таң калышкан. Анда мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилери жана ал болжол менен 21 миллион сомду түзөрү айтылган.

Башкы прокуратура "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 74-беренесине таянып жатканын айтып жооп берди. Ага ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жаракат алса, жараатынын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт. Бул укук коргоо органдарына, тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленип, мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алганы айтылган. Башкы прокуратура соңку 20 жылда 21 миллион сом төлөнүп берилген бир гана учур болгонун билдирди.

Жогорку Кеңеш 17.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан