Чаткал районунун каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом которулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Жыйында депутат Жеңишбек Токторбаев 21,7 миллион сом прокурордун үй-бүлөсүнө берилдиби же бериле элекпи деп суроо салды.
Ага Коңкубаева Жогорку Кеңеш макулдук бергенин, азырынча каражат расмий которула электигин жана жакында маселе чечилерин айтты.
Прокурордун орун басары министрлер кабинети тарабынан мыйзамды кайра кароо сунушу келип түшкөнүн кошумчалады.
Эске салсак, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында депутаттар каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө берилчү кенемте пулдун суммасына
таң калышкан. Анда мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон учурда маркумдун үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилери жана ал болжол менен 21 миллион сомду түзөрү
айтылган.
Андан соң Башкы прокуратура мындай норма укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине колдонуларын билдирген. Тактап айтканда, прокуратура, УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жаза аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү экени белгиленип, мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алганы айтылган. Ага ылайык, кызмат өтөө мезгилинде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку кенемте пул төлөнөт.
Мыйзамда каралган норма коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлер айтылган. Айрым депутаттар прокурорлор кызмат учурунда каза тапса төлөнүүчү кенемте боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну
сунуштаган.