Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды президенттик шайлоодон жеңип чыгуусу менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу бир тууганым, Режеп Тайып Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү.

Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, кечээ Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызын алып жеңип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан