Режеп Тайип Эрдоган кайрадан Түркиянын президенти болуп шайланды 

Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайип Эрдоган 52,14 пайыз, Кемал Кылычдароглу 47,86 пайыз добуш алды. Бул тууралуу түркиялык ЖМКлар БШКнын маалыматына таянып жазган.

Андагы маалыматка караганда, шайлоочулардын катышуусу 84,7 пайызды түздү.

Түркияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда өткөн. Анда учурдагы мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган 49,51 пайыз добуш менен жеңишке жете алган эмес. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу 44,88 пайыз добуш алган.

Үчүнчү орунда 5,17 пайыз добуш менен "Альянс АТА" партиясынын талапкери Синан Оган марага келген. Ал шайлоонун экинчи айлампасында өз тарапкерлерин Эрдоганга добуш берүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен талапкер 2028-жылга чейин, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан