"Депутаттар каякка качып кетти?" Парламентте дагы пикир келишпестик орун алды (видео)

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети президент тарабынан демилгеленген "Элдик Курултай жөнүндөгү" конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.

Конституциялык мыйзам долбоору Баш мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанар Акаев аткарылган иштер боюнча маалымат берип, беренелердин саны 22ден 15ке чейин кыскартылганын кошумчалады.

Жыйында депутат Нурбек Сыдыгалиев курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы чыкты.

"Бир эле жолу шайлансын деп жатышат. Бир жылга шайлангандар акимге барып алып "айыл өкмөттөрдү чогултуп бер" дейт экен. Айыл өкмөттөрдөн отчёт алалы дейт. Мага "Курултайчыларга отчёт беребизби?" деп чалып жатат. Алар бир эле шайланып, курултайдан кийин укугу бүтүшү керек", - деди ал.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев депутатка жооп берип, делегаттардын макамы мыйзам кабыл алынгандан кийин белгилүү болорун билдирди. Абыкеев өткөн курултайдын делегаттарында мамлекеттик органдардан отчёт алууга укугу жок экенин айтты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев өлкөдө төңкөрүш болгон учурда курултайдын ролу кандай болорун сурады. “Андай болбой эле койсун. Бирок дагы бир төңкөрүш болсо курултай эмне иш аткарат? Курултай чогулабы? Ушундай максатта түзүлгөнү жатабы?” - деп сурады ал.

Чолпонбек Абыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калганын айтып, эми курултай чогулат деген пикирин айтты.

Күтүүсүз абал болуп калса, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Элдик курултай чакырылат. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаттары баары кетип калган. Бийликтин бир дагы өкүлдөрү калбай калган. Ошондо элдин үнүн уга турган башка бийлик бутагы жок болуп калган. Ошондуктан бир жылдык мөөнөткө шайлануу зарылчылыгы ушундан улам болуп жатат. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаттары качып кетип, таппай калбадык беле”, - деди Абыкеев.

Анын айтканы депутаттардын нааразычылыгын жаратты. Нурбек Сыдыгалиев ачууланып, депутаттар каякка качып кеткенин сурады.

"Эл көрүп жатат да. Депутаттар качып кетти дейт. Каякка качып кетти? Айткылачы, кимиңер айтасыңар?" - деди Сыдыгалиев.

Ага Абыкеевди жандап келгендердин бири депутаттар Октябрь окуялары учурунда Алматыга качып кеткенин айтты.

Аны комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова залдан чыгарып жиберди.

Буга чейин 10-майда “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоору кайрадан биринчи окууда каралып, концепциясы кабыл алынган.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 15-мартта каралып, депутаттардын нааразычылыгынан улам күн тартибинен алып салынган болчу. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон. Андан соң ар бир фракциядан бирден мүчө кирип, жумушчу топ түзүлгөн.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-тартыштан улам кабыл алынбай калган эле. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген.

Жогорку Кеңеш 30.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан