Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанар Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады.
Талкуу маалында Тазабек Икрамов Курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин айтып, кайра-кайра жыйын өткөрүүгө зарылчылык жок экенин белгиледи.
Ал эми Эльвира Сурабалдиева Курултай бийликтин кайсы бутагына кирерине кызыкты. Өз кезегинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай бийликтин үч бутагынын бирөөсүнө да кирбей тургандыгын жана өзүнчө бийлик бутагы катары да эсептелбестигин маалымдады.
Ошондой эле Мирлан Самыйкожо акыркы Курултайда көтөрүлгөн маселелердин канчасы чечилип, канчасы аткарылгандыгын анализдеген материалды кийинки жыйынга алып келип тааныштырууну талап кылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, концепциясы жактырылды.