
Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор үчүнчү окууда кабыл алынды.
Ага ылайык, аскердик келишимдин мөөнөтү 5тен 10 жылга жана зарылчылык жаралган учурда аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү 12ден 14 айга чейин узартылат.
Демилгечи – Министрлер кабинети. Коргоо министрлиги буга себеп катары биринчи чакырылыштагылар кетип, кийинкиси толукталып, даярдалганга чейин көп убакыт кетип каларын
жүйө келтирген.
Эми аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.