Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, убактылуу депутаттык комиссия Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алды.
"Бул чечимге комиссиянын мүчөлөрү депутат Гуля Кожокулова менен депутат Фарходбек Алимжанов гана каршы чыкты. Бүгүн саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат же четке кагылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 31-майдагы парламенттин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон.
Ошол эле күнү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген болчу.
"Ыйман нуру" фракциясынан - Динара Ашимова;
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Гуля Кожокулова;
"Альянс" фракциясынан - Фарходбек Алимжанов;
"Элдик" депутаттык тобунан - Мирлан Самыйкожо;
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан - Кундузбек Сулайманов;
"Мекенчил" депутаттык тобунан - Карим Ханджеза;
"Ишеним" фракциясынан - Миргүл Темирбаева;
"Ынтымак" фракциясынан - Мурадил Сыдыков.