Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогуна карата баасы 1 миллионго бааланган тай казан даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4- августта маалымат жыйында Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Маалым болгондой, Дүйнө кубогуна карата учурда жаңы, коопсуз тай казан даярдалып жатат. Эки жуп тай казандын баасы 1 миллион сомду түзөт. Жунусалиевдин айтымында, мындай тай казандар коңшу өлкөлөргө да сунушталууда.
Ошондой эле Жунусалиев өлкөдөгү ат майдандарга токтолуп, учурда борбор калаада 20-30 миң көрүүчүгө ылайыкталган ат майданы жок экенин баса белгилеп, мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Мындан сырткары, учурда өлкө боюнча бир көк бөрү мектеби бар экени айтылып, дагы көк бөрү мектептерин ачуу демилгеси көтөрүлүп жатканы кабарланды.
Жунусалиев билдиргендей, америкалык Ледхау аттуу ковбой көк бөрү боюнча Кыргызстандын Жогорку лигасында ойноону көздөп жатат жана ал 2024-жылы Жогорку Лигада ойноп калышы ыктымал.
Ал эми Чолпон-Атада өтүүчү көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунда билеттердин баасы 200 сомдон 1000 сомго чейин болору жана мелдеш башталгандан аякталганга чейин сатып алынган VIP орундуктардын баасы 5 миң сом экени кошумчаланды.