Казакстанда Кыргыз жарандарына 3 ай визасыз жүрүүгө уруксат берүү каралууда

Казакстандын өкмөтү кыргызстандыктардын аталган өлкөдө жүрүү мөөнөтүн үч айга чейин узартууну көздөөдө. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, долбоор "Ашык НКА" сайтында жарыяланып, талкууга коюлган.

"Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда жүрүү мөөнөтү Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн күндөн тартып 90 календардык күндү белгилейт"- деп айтылат документте.

Ошондой эле жаңы долбоордун түшүндүрмө катында мындай өзгөртүү Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамилени бекемдей турганы белгиленген.

Белгилей кетсек, азыркы тапта кыргызстандыктар аталган өлкөдө 30 күн жүрө алышат. Мындай эреже 2024-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.

27-январда Казакстанда жаңыланган миграциялык эрежелер күчүнө кирген, ага ылайык Казакстанга визасыз келген чет өлкөлүктөр аталган мамлекетте мыйзамдуу түрдө 30 күн, ал эми жалпысынан 180 күндүк бир календардык мезгилде 90 күнгө чейин жүрө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан