Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Муратбек Ишенбек уулу Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, спортчу мелдешке 67 килограммга чейинки салмак категориясында катышты.
Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 11 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып жатат. Ал эми спорттун оор атлетика түрү боюнча оюндар Беларустун Гродно шаарында 5-августта башталып, 9-августка чейин созулмакчы.
Аталган оюндарда буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасынын мүчөлөрү 6 медаль багындырды.
КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын 17 спорттун түрүнөн (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү) 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат.
Мелдештин максаты Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу болуп саналат.