Азия чемпиондугунда оор атлетика боюнча кыргыз спортчулары 3 медаль жеңди

Азия чемпионатында оор атлетика боюнча кыргыз спортчулары 3 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, Индия өлкөсүнүн Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда оор атлетика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы 1 күмүш, 2 коло медалга татыган.
"89 килограммга чейинки салмакта Фарух Шокиржанов күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 102 килограммга чейинки салмак категориясында түртүп көтөрүүдө Эрбол Эрмек уулу жана Нурсултан Тармалов 89 килограммга чейинки салмакта булкуп көтөрүүдө коло медалга ээ болду", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан