Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу атактуу чабуулчу Килиан Мбаппе менен жакын арада коштошууну көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Мбаппенин бардык футболкалары "ПСЖ" футболдук клубунун расмий дүкөнүнөн алынган. Ошондой эле Мбаппенин сүрөтү "Парк-де-Прэнс" стадионунун фасадынан алынып салынган. Париждик клуб Мбаппе менен жакын арада коштошууну көздөп жатат.
Килиан Мбаппенин негизги талапкери "Реал Мадрид". Клуб азырынча "ПСЖга" расмий сунуш киргизе элек, бирок жакын арада трансфер рыногунда активдешүүсү керек. "Реал Мадрид" Мбаппе үчүн 180-200 миллион евро сунуштайт деп күтүлүүдө.