Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов казак-кыргыз чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны боюнча көйгөйдү козгоду.
Эл өкүлү жүк ташуучу унааларды себепсиз өткөрбөй коё турган болсо, Бажы биримдигинин канчалык кереги бар экени тууралуу айтты.
"Казакстан менен эки тараптуу, көп тараптуу келишимдерибиз бар. Бир нече уюмдарда, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдикте чогуубуз. Бирок акыркы убактагы чек арада болгон окуялар министрлер кабинети чечкиндүү аракеттерге барышы керек экенин билдирип турат. Август айында жүк ташуучу унааларды себепсиз тосуп, өткөрбөй коюшту. Эмне үчүн министрлер кабинети тарабынан эч кандай реакция жок?! Бажы биримдигинин уставдары эмне болуп жатат? Эгер каалаган учурда чек араны жаап, биздин жүктөрдү өткөрбөй коё турган болсо, ушундай Бажы биримдигинин бизге кереги барбы?!", - деди Ормонов.
Эл өкүлү министрлер кабинети окуя кандай болуп чечилгени боюнча маалымат бериши керек экенин билдирди. Депутат суу маселеси боюнча да келишимди карап чыгышы керектигин кошумчалады.
Эске салсак, 21-августта "Ак-Тилек" постунун алдында 370 унаадан турган тыгын пайда болгону кабарланып, 10 сааттын ичинде үч гана жүк ташуучу унаа өткөнү маалымдалган.
22-августта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байкалганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирген. Анда УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөөлөр киргизилбегени айтылган.
Көп өтпөй коңшу өлкөнүн финансы министри Ерулан Жамаубаев бул боюнча билдирүү жасап, баңгизат кармоо операциясы болгонун жана коммерциялык жүк ташууга байланыштуу эч кандай чектөөлөр болбогонун маалымдаган.