Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук
филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтүүдө. Анда "Жылдын супер ырчы мырзасы" жана "Жылдын супер ыры" наамдарына талапкер Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи" деген ырын элге тартуулады.
"Аткарган чыгармамда жашоодо көп кездешкен көйгөйлөр айтылган. Жаш үй-бүлөлөрдө жубайлар, аялы күйөөсүнөн, күйөөсү аялынан көңүлү калган учурлар болот эмеспи. Жашоодон алынгандыктан элге жакты деп ойлойм. Клип тартсак мындан да жакшы болмок",- деди ырчы.