Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаеваны тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров билим берүү тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жаңы министр ал реформаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшарына ишеним артарын билдирди.
Ошондой эле өкмөт башчы жаңы министрдин милдетин аткаруучуга ийгилик жана эмгекчилдик каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Догдуркүл Кендирбаева бүгүн билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы маалымдалган.