Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концертинин 2-күнү өтүүдө. "Супер концерт-2013тө" жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда.
“Жылдын супер тасмасы” наамына талапкерлер:
"До+Фа" (реж. Эрнест Абдыжапаров),
"Салам, Нью-Йорк!" (реж. Руслан Акун),
"Салам, Бишкек!" (реж. Тынчтык Бугучиев),
"Президент жана бомж-2" (реж. Аскат Сулайманов),
"Сүйөм дечи" (реж. Алмаз Жангазиев), "Карт бойдок" (реж. Акжол Бекболотов).
Жогорудагы сынакта "Салам, Нью-Йорк" тасмасы "Жылдын супер тасмасы" наамына татыктуу болду. Аталган фильмдин режиссёру Руслан Акун: "Сыйлыкка татыктуу болгонубузга абдан кубанычтабыз. Бул фильмдин үстүндө эмгектенген жалпы жамааттын ийгилиги. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары Аида менен Бектемир да жылдык супер актриса менен актёру аталыптыр. Бул да жагымдуу кабар",- деди ал.