Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Казакстандын Караганды облусундагы шахтада болгон жарылуудан улам көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.
Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”, - деп айтылат төраганын көңүл айтуу телеграммасында.
Эске салсак, 28-октябрда шахтада жарылуу болгон. Кырсык болгон учурда ал жерде 252 адам болгону, 205 жумушчу өз алдынча шахтадан чыкканы айтылган. Кырсыктан каза болгондордун саны учурда 45ке жетти, дагы бир адам изделүүдө.
Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.