Казакстан: Шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны 45ке жетти

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко шахтасындагы жарылуудан каза болгондордун саны 45ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында жазылат.

Маалым болгондой, учурда дагы бир шахтёрду издөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 28-октябрда эртең менен шахтада метандын жарылуусу болгон. Кырсык болгон учурда ал жерде 252 адам болгону, 205 жумушчу өз алдынча шахтадан чыкканы айтылган. Буга чейин кырсыктан көз жумгандардын саны 42ге жеткени маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан