Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат жетекчиси жаңы кызматка дайындалды

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясындагы жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Алишев Шабданбек Мурзакулович бир жылдан ашык убакыттан бери Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеп келген. Бул мезгил аралыгында парламентти санариптештирүү жана аппараттын эл аралык байланышын чыңдоо жаатында жигердүү иш жүргүзгөн.

Анын ордуна бүгүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Алайбек Алымбаев дайындалды.

Шабданбек Алишев 2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген.

2006-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой эле “Оймо” жаштар креативдик студиясы” коомдук уюмунун директорунун орун басары болуп иштеген.

2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн референти, 2007-2009-жылдары президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, 2009-2010-жылдары президенттин администрациясынын тышкы саясат боюнча тобунун эксперти болуп эмгектенген.

2011-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп эмгектенген.

2011-жылдан 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген.

2022-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары кызматын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан