Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Анда каттоодон өткөн 80 депутаттын 66сы "макул", сегизи "каршы" добуш берген. Ал эми дагы 6 эл өкүлү добуш берген эмес.
Талкуу маалында бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан депутат Арсланбек Малиев тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирип, көк түскө алмаштырууну сунуштаган. Бирок жыйынтыгында каршы добуш берген.
SUPER.KG порталы депутаттын өзүнөн эмне себептен каршы добуш бергенин сурап көрдү.
"Булардын (ред: Нурланбек Шакиев менен Улан Примов) концепциясында түндүктүн чамгарагы кыйшык болуп тартылган. Ошону да оңдогула деп сунуш киргизгем, аны эске алдыбы же жокпу билбейм. Ошон үчүн каршы добуш бердим. Негизи мен өзгөртүүсүн колдойм, туу оңдолушу керек, бирок кандай болуп оңдолушу керек ал башка маселе", - деди Малиев.
Ошондой эле ал иш бөлмөсүндө турган көк түстөгү туусун көрсөттү. Эл өкүлү ал тууну мурда эле жасатып алганын билдирди.
"1992-жылы биз кызыл түстөгү тууну кабыл алгандан кийин биздин тууну казактар алып кетти. Көк түскө алмаштырсак, биз Казакстанды туураган болбойбуз. Ал биздин туунун түсү. Тарыхты окуш керек. Тарыхты окусаңар "Манаста" кандай туу болгону жазылып турат", - деди ал.
Казакстандын мамлекеттик туусу
Малиев мындан сырткары Кыргызстанды - "Кыргыз жери" деп, ошондой эле гербди да өзгөртүү керектигин кошумчалады.
Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.