"Кызыл туу - ызы-чуу. Бизге ушул керекпи?". Депутат Малиев желектин түсүн өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев туунун түсүн көк түскө алмаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү "Манас" эпосунан үзүндү окуп, мамлекеттик туунун кызыл түстө болгонун сынга алды.

"Көк асаба, кызыл туу,
Көк жаңырган улуу чуу.

Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу", - дейт "Манас" эпосунда. Демек, кызыл туу - ызы-чуу. Бизге ушул керекпи?", - деди Малиев.

Ошондой эле ал желекти эле эмес ага кошуп герб, гимнди да өзгөртсө болот деп эсептерин кошумчалады.

"Мыйзам долбоорунун концепциясына мен макулмун. Себеби жаңы бийлик келди, президенттик башкарууга өттүк. Туу, герб, жадагалса гимнди да өзгөртсөк болот, маселе жок", - деди депутат.

Жыйынтыгында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда 66 депутаттын макулдугу менен жактырылды.

Малиев өзү каршы добуш берди.

Жогорку Кеңеш 29.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан