“Тамашоу” курама командасы Сочиде өтүп жаткан "КиВиН-2014" фестивалынын 2-туруна өттү. Бул тууралуу КВНдин расмий сайты жазып чыкты.
Биринчи айлампада 400 команда ат салышкан. Редакторлор алардын ичинен 80 команданы тандап алышкан. “Тамашоу” курама командасы 33-команда болуп фестивалдын 2-туруна өткөн.
Ошондой эле Кыргызстандан барган “Азия MIX” командасы Жогорку Лиганын катышуучусу катары дароо "КиВиН-2014түн" 2-туруна өткөн.
КВНдин расмий сайты билдиргендей, 2-тур 18-декабрда старт алат.