Бүгүн, 9-январда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин иши Аламүдүн райондук сотунда каралды. Анда жазуучунун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүнө эксперттик корутундусун чыгарган адистер көрсөтмө бермек. Бирок бирөөсү белгилүү себептерден улам отурумга келбей калгандыктан бир гана эксперт көрсөтмө берди.
Эксперт Олжобай Шакирдин жазган тексттерине лингвистикалык гана корутунду бергенин, ал эми юридикалык жагына баа бере албастыгын айтты.
Ошондой эле анын тексттеринде "бузукулук кылайын", "тизгинин кагуу", "камалгандан коркпоо керек” деген өңдүү сөздөрүнө бир күндө экспертиза жасалганын белгилеп, анда бийликке каршы сын-пикир бар экени аныкталганын билдирди.
Олжобай Шакир бул сөздөр кылмыш эмес экендигин айтып, “суу кечпеген сөздөр” деп баалады.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Олжобай Шакирге карата мурун эле токтомдор даярдалып, эксперттерге жөнөтүлөн болушу мүмкүн экенин белгиледи.
"Тергөөчүлөр тарабынан эксперттерге анын интернетке жарыялаган постторунда массалык баш аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктар барбы же жокпу деген суроо коюлуптур. Ал эми бүгүн эксперт "мындай чакырыктар жок" деп кайра-кайра кайталап айтты", - деди укук коргоочу.
Ал эми Олжобай Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев буга чейин үч ирет соттук жараян болбогонун, сот отурумунун создугуп жатышы түшүнүксүз болуп жатканын айтат.
"Буга чейин үч ирет соттук жараян болгон жок. Эмнеден улам сотко алып келбей жаткандары белгисиз. Жогору жактан айтып жатабы же кандай, түшүнүксүз", - деди адвокат Алагушев.
Кийинки отурум 19-январга белгиленди.
Эске салсак, 23-августта жазуучу, активист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, 48 саатка камалган.Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.
24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы каралып, соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.
Эртеси күнү, тагыраагы 25-августта УКМК анын интернетке жарыялаган постторунан массалык баш аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктар аныкталганын маалымдаган.
Анда Олжобай Шакирдин Фейсбук, ТикТок жана Ютуб баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган активдүү чакырыктарды жарыялап турганы айтылган.
Олжобай Шакир 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөрүп, онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.
Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.