Акын-жазуучу Олжобай Шакирдин интернетке жарыялаган постторунан массалык баш аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктар аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Улуттук коопсуздук комитетинен билдирди.
"УКМК өзүнүн түздөн-түз милдеттеринин бир катары деструктивдүү күчтөрдүн коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктап, алдын алуу үчүн интернет мейкиндигине дайыма мониторинг жүргүзүп турат.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, Фейсбук, ТикТок жана Ютуб баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган активдүү чакырыктарды жарыялап турган Э.О. аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта ошондой эле Олжобай Шакирдин постторунан жогорудагы чакырыктардын бар экендигин экспертизанын жыйынтыгы да далилдегени белгиленген. Буга байланыштуу ал УКМК тарабынан кармалып, 278-берененин 3-бөлүгүнө (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана баш аламандык уюштурууга чакыруу) ылайык козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары аяктаганча СИЗО-1ге киргизилгени кабарланган.
Эске салсак, социалдык тармак аркылуу коомдук-саясий окуяларга ачык сын-пикирлерин билдирип жүргөн акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакир 23-августта кармалган. Кечээ Биринчи Май райондук сотунда акындын баш коргоо чарасы каралып, сот аны 23-октябрга чейин камакта калтырган.