Депутат Атамбаев бийликти журналисттердин укугун коргоого  чакырды

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев Министрлер кабинетин журналисттердин укугун коргоого чакырды.

Эл өкүлү буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого үндөгөнүн белгиледи.

“Пикирин ачык айтуу жана басма сөз эркиндиги Конституцияда эле эмес, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактта, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Кыргызстанда журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамда да жазылган. Кечээ болсо сот 11 журналистти эки айга камады. Адвокаттардын айтуусу боюнча, аларды ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын имаратына кечээ киргизбей коюшту, тергөөчү жактоочунун киришин камсыздашы керек болчу. Муну менен адвокаттар коргогон адамдардын укугу да бузулуп жатат. Бул маселени көзөмөлгө алсаңыздар деп өтүнөр элем”, - деди Атамбаев.

16-январда таң атпай “Айт, айт десе” долбоорунун жана "Темиров лайв" медиасынын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкени маалым болгон.

ИИМ аталган журналисттерге массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан.

Кечки саат 21:50 чамасында Ички иштер министрлиги суракка алып кеткен 11 журналисттин баары дээрлик 14 саатка чукул сурак берүүдөн кийин 48 саатка камакка алынган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда камакка алынган журналисттердин бөгөт чарасы каралып, кармалган 11 журналисттин баарын эки айга камакта калтыруу чечими кабыл алынды.

Ал эми 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь УКМК сурак берип чыккан. Оторобаева менен Ниязова 17-январда УКМКга дагы сурак берип чыкты.

Жогорку Кеңеш 18.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан