Лондондогу театрдын шыбы көчүп, андан 76 адам жабыркады

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарындагы «Аполло» театрынын шыбы көчүп түшүп, андан 76 адам жабыркады. Бул тууралуу 19-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Кырсык 2013-жылдын 18-декабрынан 19уна караган түнү катталган. Анын кесепетинен 76 адам жабыркап, 7өөсү оор абалда ооруканага жеткирилген. 
Маалыматка ылайык, кырсык болордо театрда спектакль жүрүп, залда 775 адам болгон. Алар журналисттерге шып урап түшөрдүн алдында чатырдан ар кандай үндөр угула баштаганын, бирок аны көрсөтүүнүн бир бөлүгү катары кабыл алышкандыгын айтышкан. 
Кырсык катталары менен 3 мүнөттүн ичинде 8 куткаруучу жана бир нече "Тез жардам" унаасы жетип келип, жабырлануучуларга жардам көрсөтүшкөн.
Белгилей кетсек, "Аполло" театры тарыхый жайлардын бири катары саналат. Анын ачылышы 1913-жылы  болгон.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG_URPAGI
2013-12-21 19:25:52
3-мунот? азамат! Биздечи кичинекей шаар! эн эрте келгени сейрек 7-мунот, кээде 1-саат! улгу ала турган нерсе!
0
Asus84
2013-12-23 10:30:17
кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан