Ноокат менен Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо качан өтөрү айтылды

Ноокат менен Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жусупбек Коргонбай уулу менен Максатбек Сарбагышевдин мандаттарын тапшырганы үчүн өткөрүлөт. Алардын мындай кадамдарынын себептери белгисиз.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелдеги жыйынында Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген.

Ал эми 25-апрелде Ысык-Көл округунан шайланган депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы кабарланган. Анын арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан