"Бычакты өзү алпарган..." Сокулукта "Принц" бычактаган өспүрүмгө кылмыш иши козголуп, камакка алынды

Сокулук районунда өзүн “Принц” деп атаган жаран тарабынан сабалган өспүрүмдүн өзүнө дагы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун кылмышка түрткөндүгү аныкталып, камакка алынды.

"Май айында Сокулук айылында 2008-жылы туулган К.Ж. менен 2005-жылы туулган Ч.И. аттуу балдардын ортосунда кастык мамиле жаралып, ага байланыштуу К.Ж. WatsApp жана Messenger аркылуу Ч.И.нин аталаш тууганы 2008-жылы туулган Б.А. аттуу карындашынын уюлдук телефонуна коркуткан билдирүүлөрдү жөнөтүп, байкеси экөөнө кол саларын айтып коркутуп, өмүрүнө коркунуч келтирген. К.Ж. 24-июль күнү саат 20:00 чамасында Сокулук айылынын Калинин көчөсүндөгү даректердин бирине Ч.И.ни чакырып, бычак менен кол салууга аракеттенип, бирок анын кылмыштуу ниети аягына чыккан эмес", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 2008-жылы туулган К.Ж.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-122 (Адам өлтүрүүгө даярдык көрүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өзүн “Принц” деп атап алган жаран жаңжалда К.Ж.нын бутуна бычак сайганы жана ошондой эле ал окуянын келип чыгышына түрткү болгон бычак К.Ж.га тиешелүү экени аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында далил катары жазган СМСтери алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип К.Ж. аттуу бала кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 26-июлда социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган.

Милиция көп өтпөй 16 жашар өспүрүмдү кордогонго шектүү катары 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Андан соң шектелип кармалган жаранга козголгон кылмыш иши оор беренеге өзгөртүлгөнү маалымдалган.

30-июлда социалдык тармактарда Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган жаранды белгисиз бирөөлөр жазалап жаткан видео тараган.

Милиция бул окуя Сокулук РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Андан соң Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган жарандын ата-энеси сабалган балага каршы арыз жазганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан