Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган жарандын ата-энеси сабалган балага каршы арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июлда саат 19:00дө Сокулук РИИБине кармалган жарандын апасы кайрылып, 16 жаштагы кызын Ж.К. аттуу бала ар кандай коркуутуулар менен тынчын алып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө май айынан бери 16 жаштагы кызга өзү менен тең Ж.К. аттуу бала ар кандай басым-кысымдарды жасап келгендиги аныкталган. Аягында өспүрүм кыз ал тууралуу агасына арызданган. Натыйжада кыздын байкеси менен берки баланын ортосунда чыр чыгып, кыздын агасы карындашына асылган баланы бычактап, бутун өптүргөн.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, 26-июлда социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган.
Милиция көп өтпөй 16 жашар өспүрүмдү кордогонго шектүү катары 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Андан соң шектелип кармалган жаранга козголгон кылмыш иши оор беренеге өзгөртүлгөнү маалымдалган.
Бүгүн социалдык тармактарда Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган жаранды белгисиз бирөөлөр жазалап жаткан видео тарады.